www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 25-апрелден 30-апрелге чейин каттоодон өтүп бүтүшү керек. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Бул иш облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда ажыларды серверге каттаган оператор тарабынан жүргүзүлөт.

"2022-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлмөй болду. Ага катышкандар шарияттагы ажылык маселелер боюнча өз күчтөрүн сынап көрүшөт", — деп жазылган маалыматта.

Ажы башчыларды каттоого коюлган талаптар:

талапкердин колу менен муфтийге жазган арызы (ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун суранган);

резюме;

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндө дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук (ал 2022-жылдын 1-мартына чейин чыгарылышы шарт);

ажы башчылыкка талапкер иштеген аймагында казыяттын эсебинде каттоого алынат;

биометрикалык ID-паспорттун жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (экөөнүн көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);

3х4 көлөмүндөгү төрт даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо болуусу шарт (ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт);

ИИМдин маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

Республикалык жана облустук психоневрологиялык жана Тери-венерология диспансердин каттоосунда турбагандыгы тууралуу маалым кат;

талапкер ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт;

2019-жылы ажы башчылыкка тандалгандар 2022-жылдагы сынакка катыша албайт;

талапкерлердин жашы 55 жылдан ашпоого тийиш (2022-жылы 22-апрелден кийин 56 жашка толгон талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт);

маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (Word, Excel, WhatsApp);

араб тилин билиши керек;

уюштуруучулук жөндөм талап кылынат.

Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлгөн. 2020-2021-жылдары пандемиядан улам Меккеге сапар уюштурулган эмес.

Быйылкы ажылык сапардын болжолдуу наркы 4,5 миң долларды түздү. Бул баа пандемияны эске алып бекитилген, ал так аныкталгандан кийин талапкерлер айырма акчаны кайтарып алат же үстүнө кошушу керек болот.

Ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмесин шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости