www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Гутерриштин сапары 26-апрелге пландалган.

Мурдараак маалымдалгандай, БУУнун баш катчысы Орусия президентинен аны Москвада, ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленскийден Киевде кабыл алууну суранган. Гутерриш эки өлкөнүн башчылары менен куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жана көп тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоону ниеттенүүдө.

БУУнун баш катчысы Орусия Украинага басып киргенден бери Путин менен жолуккан экинчи батыш саясатчысы болот. 11-апрелде Австриянын канцлери Карл Нехаммер Москвага келген. Канцлер жолугушууну "ачык, түз жана катаал" деп мүнөздөгөн. "Бул достук визит эмес", - деген Нехаммер Москвага визит "милдеттенме" экендигин кошумчалаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости