www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!

Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм!

Бүтүрүүчүлөргө билим жолунда багыт көрсөткөн мугалимдердин күжүрмөн аракетин, талыкпас эмгегин баса белгилеп, ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаров тарабынан балдарыбыздын жаркын келечегин түптөө үчүн чоң аракеттер, колдоолор жасалууда. Алсак, акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилди.

Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бүгүн ар бир бүтүрүүчүгө кыялдарын жана максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген турмуштун жаңы барагы ачылып турат.

Силер – жаркын келечектин ээлери, жаратуучуларысыңар! Андыктан өлкөнүн жаратман, эмгекчил, билимдүү инсаны болгула!

Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Сапарыңар байсалдуу болуп, кыялдарыңар ишке ашсын!”

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости