www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев «Sistema Moda Italia» италиялык кийим жана текстиль өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Серджио Тамборини менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууга башкы директор Джанфранко Ди Натале, ошондой эле ассоциациянын эл аралык кеңсесинин башчысы Федерика Доттори катышты.

Жолугушууда Т.Базарбаев кыргыз тарап жеңил өнөр жай жана мода тармагында италиялык компаниялар менен активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандагы тигүү ишканалары чыгарган жогорку сапаттагы продукциялар, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маалымат берилди.

Элчи “Sistema Moda Italia” компаниясынын жетекчилигин Кыргызстанга келип, өндүрүш рыногу менен таанышып, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыш түзүүгө чакырды.

С.Тамборини кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын изилдөөгө, ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызыкдар италиялык компанияларды Кыргызстанга тартууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Дүйнөдө, анын ичинде Италияда жүнгө, пахтага жана жибек материалдарына болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алып, ассоциациянын президенти Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын сырьелук базасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Соңунда кыргыз тараптын Италиядагы көргөзмө иш-чараларына ыктымал катышуусу, ошондой эле өндүрүш процессинде алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен өз ара алмашуу маселелери талкууланды.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости