www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга рублдин, доллардын, евронун агымы көбөйдү

 Биринчи кварталда Кыргызстанга эл аралык акча которуу системалары аркылуу каражат рубль, доллар, евро жана теңге менен жөнөтүлгөн. Алгачкы үч валюта боюнча кирешелердин өсүшү байкалганын Улуттук банк билдирди.

Январь-март айларында жалпы көлөмү 42,6 миллиард сомду түзгөн 1,5 миллиондон ашык транзакция ишке ашырылган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциянын саны 7 пайызга азайган, бирок которуулардын көлөмү 7 пайызга өскөн.

Валюта менен которулган каражат:

118,4 миллион доллар ( 26,6 пайызга өсүш);

7,5 миллион евро ( 31,6 пайызга өсүш);

32 миллиард 364,5 миллион рубль (19,4 пайыз өсүш);

148,1 миллион теңге (33,4 пайыз төмөндөө).

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости