www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү окуу жылында абитуриенттер үчүн кайсы адистиктер популярдуу болонун Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 5 миң 138 адам окуунун педагогикалык багытын тандаган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп (3984).

Педагогикалык багытка 1918 гранттык орун бөлүнгөн. Келечектеги мугалимдер 17 мамлекеттик жана 12 жеке менчик университетте даярдалат.

Педагогикалык адистиктер боюнча ЖРТ тапшырууда эң жогорку балл 219 болгон.

Абитуриенттер дагы кандай адистиктерди тандашкан:

- IT – 3201 адам студент катары катталган;

- гуманитардык багыттар - 3 миң 116;

- экономика - 2 миң 200;

- медицина - 1 миң 996;

- юриспруденция - 1 миң 442;

- курулуш жана архитектура - 604.

Айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен тармагы жана энергетика тармагындагы адистиктерди 3000 студент тандаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости