www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын бир катар аймактарында холера оорусу күч алды. Күрт автономиясынын администрациясы холерадан үч киши каза болгонун кабарлады. Күрт аймактарында кеминде 15 учур аныкталган. Алеппо провинциясында 16 учур катталды. Бул тууралуу Rudaw телеканалы билдирди.
SANA каналынын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда холера оорусунун үлгүлөрү саркынды суулардан жана муз куюлган заводдон табылган. Андан кийин завод шашылыш түрдө жабылган. Күрт администрациясынын саламаттыкты сактоо бөлүмү эл аралык уюмдарды холера оорусун токтотууга жардам берүүгө чакырды.
Сирияда таза суунун жетишсиздигинен улам мезгил-мезгили менен холера оорусу катталып турат. ДСУнун маалыматы боюнча, Сирияда куралдуу кагылышуу башталгандан бери таза сууга ээ болгондордун саны үч эсеге кыскарган. Сирияда холера оорусу 2015-жылы чыккан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Сириядагы өкүлү 2020-жылы өлкөдө холера оорусунун абалы начарлай турганын эскертти.
Холера – булганган тамак-аш же суу менен жугушу мүмкүн болгон курч бактериялык инфекция. Ооруга чалдыккандардын көбүндө оорунун белгилери байкалбайт же жеңил өтөт. Оор учурларда, оору курч диареяны пайда кылат жана оорулуунун өлүмүнө алып келиши мүмкүн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына 1,3 миллиондон 4 миллионго чейин холера оорусу катталып, 21-143 миң адам өлүмгө учурайт.
Булак: NazarNews.kg