www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министрлиги арабтардан 60 млн доллар сурады

Кыргызстандагы мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүү үчүн Араб координациялык тобунан 60 миллион доллар суралган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрлер кабинетинин инвесторлор менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 245 мектеп авариялык абалда. 126 билим берүү мекемесинде балдар үч нөөмөт менен билим алышат. Мектепке чейинки курактагы балдардын 22 пайызы гана бала бакчага барат. «Көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз Араб координациялык кеңеши менен гранттарды жана насыяларды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Бул акчага билим берүү мекемелеринин имараттарын жаңылап, жаңыларын куруу пландалууда. «Бул дагы 45 миң баланы, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин камтууну кеңейтет, ошондой эле 3 миңге жакын мугалимди жумуш менен камсыз кылат», — деп кошумчалады министр.

 

Последние новости