www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин эконмикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаров «Бишкекти» каалагандай башкарып, каражаттарды да каалагандай сарптап турган. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Башкы максаттары ата-мекендик өндүрүштү колдоо, инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү болгонуна карабай Кудрет ЭЭА «Бишкекти» каалагандай башкарып, каражаттарды да каалагандай сарптап турган….

Өзүн меценат элестеткиси келгенби айтор, Алматыда өткөн волейбол турнирине ЭЭАда иштебеген 16 адамдын форма, жол киреси, жатаканасын жана тамак ашын каржылап башкы демөөрчү болуп жиберген…

Аларды жиберип эле койбостон бул «катта» шоопурун айдатып алып ал турнирге өзү да барып келген.

Бардык чыгым (СЭЗ) ЭЭА «Бишкектин» бюджетинен, ал деген мамлекеттен кетти деген, мамлекет сен менен менин акчам…

Макулсуңбу ушундай чиновниктердин чыгымдарына?!

Спортту колдош керек туура, бирок анын баары ирээти, тартиби менен болсо… ЭЭАнын кызматкерлери катышкан турнир болсо бир жөн…

Садыр ава, уланта берейинби?!», - деп билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости