www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кафе-ресторандардын ээлери алкоголсуз суусундуктарды жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого милдеттендирилет. Бул Экономика жана соода министрлиги тарабынан демилгеленди.

Кабинеттин токтомунун долбоорунда коомдук тамактануу жайларынын ээлери ассортиментке жергиликтүү өндүрүштүн алкоголдук жана алкоголсуз продукциянын кеминде 50 % киргизүүгө милдеттендириле тургандыгы белгиленген.

Бул талап Кыргызстандын ДСУ жана ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин бузбайт. Улуттук суусундуктарды жайылтуу, аткаминерлердин айтымында, өлкөнүн таанылышын арттырып, туризмди өнүктүрүүгө жардам берет. Андан тышкары, алар инвестиция тартууну да көздөшүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости