www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагы канча күтөбүз? Эсеп палатасы жазында эле Кумтөрдү, Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердигин текшере баштаган. Ашып кетсе бир айда ак-карасын ажыратып коймок. Таңгаласың, расмий айтылган маалыматтан дайын жок.

Эсеп палатасы эмнеге ишинин жыйынтыгын эмгиче чыгарбайт? Сырттан байкоо салгандар ар кандай аңызда шектенишүүдө. Бөлтүрүк “бөрүлүгүн” кылып, текшерүүчүлөрдү алтынга чөгөрүп, баштарын айлантып койдубу?

А болбосо эмгиче кагаз жүзүндө жооп узатышат эле да. Эмне кылуу керек? Эсеп палатасы айлап-жылдап созо берсе, анда буларды текшере турган орган кыймылдабайбы? Сыягы, ит куйругун айлана куугандай эле кызык көрүнүштөр орун алууда.

Бөлтүрүк эч камырабастан кымбат баалуу офисте чалкалап отурат. Артындагы күмөндүү суроолорго жооп бербейт. Мамлекетке канча киреше, алтын түшүп атканы белгисиз. Элдин энчиси эч убакта көшөгө артынан “бычылбашы” керек да. Ачык-айкындуулукка качан күбө болобуз?

Булак: Азия News гезити

Последние новости