www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева ата-энелерге мектепке карата балдарына кийим-кечелерди алууга шашылбай турууну сунуштады. Анткени, окуу онлайн түрүндө башталат.

Иманалиева маалымат жыйында билдиргендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат.

“Коронавирустун жайылуу коркунучу бар, ошондуктан Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштоо чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө биринчи класстын окуучулары боюнча маселе талкууланууда. Ата-энелер буга тынчсызданууда, анткени балдар азырынча мектеп процесстерине көнгөн эмес. Министрликтин алдында эксперттик кеңеш түзүлдү. Алар бул маселени талкуулагандан кийин биринчи класстын окуучулары менен кандай иш алып баруу сунуштарын иштеп чыгат. Жыйынтыгы августтун ортосунда белгилүү болот”, – деди Иманалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости