www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бардык бала бакчалар 1-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу 30-апрелде брифинг учурунда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, окутуу формасына карабастан, бардык бала бакчалар үчүн талаптар бирдей.

«Июнга чейин, абал жакшырганга чейин биз аларды ача албайбыз. Июндан кийин зарылчылыкка жараша иштеген ата-энелер үчүн чечүү жолдорун издейбиз», - деди министр.

Эгер мөөнөтүнөн эрте ачылып алган бала бакчалар болсо, аларга карата чара көрүлөт – бала бакча жабылып, министрлик лицензиясын алып коюушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости