www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүй облусундагы көйгөйлүү мектептерге иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарынын алкагында министр Чүй районунун Калыгул айылындагы Т.Оңолбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган мектептин эскилиги жетип авариялык абалга келгендиктен, 2020-жылдын август айында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган. Учурда мектептин 1-кабаты курулуп, 2-кабатын куруу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Ата районунун №3 Ивановка башталгыч мектебинин дагы эскилиги жеткен. 2018-жылдын январь айында жаңы мектеп куруу иштери башталган. Бирок азыркы тапта каржылоо токтогонуна байланыштуу курулуш иштери 2-кабатка келип токтоп калган.

Министр жогорудагы маселелерди чечүү үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыгын белгилеп, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости