www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
II чейректе мектептер ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша ачылат. Инфекция боюнча кырдаал оор болгон жерлерде окуучулар билим алуусун онлайн режимде улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, мектептерди ачып, салттуу режимде окутуу маселесин Санэпидемкөзөмөл кызматынын жергиликтүү башкармалыгы менен штаб чечет.
"Эпидемиологиялык абал туруктуу делген аймактарда алгач, мектепке 1-5 класстын жана 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары барат. Эгер абал туруктуу бойдон кала турган болсо, анда 15 күндөн кийин калган класстын окуучуларына мектептен билим алууга акырындык менен уруксат берилет. Мунун баарын жергиликтүү бийлик штаб менен акылдашып чечет", — деди Бейшеналиев.
Ал эми коронавирус көп катталып жаткан аймактарда окуучулар билимди аралыктан алып турушат.
Министр Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондугуна байланыштуу, мектепке 1-класстар гана барарын, калган окуучулар азырынча билимди онлайн режиминде улантарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 10-ноябрда аяктап, 11-ноябрда окуу башталат.
Булак: NazarNews.kg