www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебресиесустун айтымында, COVID-19 пандемиясы саламаттыкты сактоо чегинен чыгып кетти.

«Биз адамдардын ден соолугун чукул кырдаалда коргоого милдеттүүбүз, бирок COVID-19 пандемиясы көзөмөлдөн чыгып кетти», - деди ал Женевада 73-Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясында сөз сүйлөп жатып.

Пандемия дүйнөдөгү башка ооруларга – Габон менен Тогодогу сары ысытмага жана Чаддагы чикунгунья ысытмасына, ошондой эле Мексикада кызамык менен күрөшүүгө терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгиледи.

Уюмдун башчысы учурдагы кризис акыркы болбойт деп эскертип, мамлекеттерди БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүүгө, геосаясий бөлүнүүдөн чыгуу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы теңсиздиктен арылууга чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости