www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясын өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегияга билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, КР ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Гүлкан Молдобекова, КР президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, министрликтин өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев министрликтин 2021-2025-жылдарга карата иштелип чыккан Программасы менен тааныштырды. 5 жылдык Программа билим берүү системасын, илим, инновацияны өнүктүрүүгө багытталган. Программада мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүүнүн ар бир баскычында билимдин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу механизмдери камтылган:

- Мектепке чейинки билим берүүдө:

1. Билим берүүнү камтууну кеңейтүү жана билимдин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

- Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде:

1.Билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандартын жана тарбия Концепциясын иштеп чыгып ишке ашыруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;

2. Окуу процессин технологиялардын жардамы менен колдоо;

3. Кыргызстанда Электрондук мектепти – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кыргызча окуйм деген этникалык кыргыздарга, мигранттардын балдарына ж.б. үйдөн чыкпастан, мектептик билим алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ алууга мүмкүндүк берүүчү системаны түзүү;

4. Өлкөнүн мектептерин PISA окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага катышууга даярдоо;

5. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасын киргизүү;

6. Иштин натыйжалуулугун баалоонун рейтингдик системасын киргизүү.

- Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу:

1. Балдарда илимге болгон кызыгууну жаратуу, алардын аң сезимин өстүрүү үчүн “Агартуу” паркын түзүү; Креативдүү технологиялар борборун куруу; өлкө боюнча мугалимдерди жана таланттуу балдарды колдоо максатында билим берүү-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу;

2. Мектептин деңгээлинде кесиптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

- Кесиптик билим берүү деңгээлинде:

1. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу куралын ишке киргизүү; орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү; КР ЖОЖдоруна чет элдик жарандарды кабыл алууда бирдиктүү санариптик платформаны түзүү;

2. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо;

3. Жаңы даярдоо багыттарын, анын ичинде тармактардын жана адистиктердин чектешкен багыттарын түзүү;

4. Жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү;

5. Педагогикалык даярдоо багыттарынын бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз сертификациялоону киргизүү.

- Илимдин жана инновациялардын деңгээлинде:

1. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө илимдин салымын күчөтүүчү илимий-инновациялык борборлорду түзүү;

2. Илимий-изилдөө институттарын жана жогорку окуу жайларды интеграциялоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу. Жогорку окуу жайлардын базасында окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү.

5 жылдык план менен тааныштырууну аяктап жатып: “Акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалды. Индекс боюнча алып карай турган болсок, КМШ өлкөлөрүндө Россия жана Украинадан кийин эле биз турабыз. Бул сыймыктанчу көрүнүш. Демек, туура саясат жүргүзсөк, алдыга жылыш сөзсүз болот. Андыктан, алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзөлү”,- деп чакырды Алмазбек Бейшеналиев.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басары Надира Жусупбекова Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Ал эми министрдин орун басары Нурлан Өмүров Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле, коллегиянын катышуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы логотибинин долбоору менен дагы тааныша алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости