www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы маселеси боюнча жумушчу кенешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кенешменин жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы зарыл.

Кеңешменин катышуучулары күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат беришти, атап айтканда, жылытуу тутумдары ондолуп, жергиликтүү бийлик органдары тараптан көмүр сатылып алынууда.

«Жылытуу тутумдарын көзөмөлдөө жана каржылоо иши жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет жана алар мектептердеги отказандарды даярдыктан өткөрүп, аларды 1-ноябрга карата тийиштүү түрдө өткөрүп бериши керек», – деди Жылдыз Бакашова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости