www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы окуу жылында Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева ордунан очорулуп Ош университетинин ректору Каныбек Исаков келер менен жакынына “Билим берүү отличнигин” берген. “Билим берүү отличнигин” ким алат? “Билим берүү отличнигин” алыш үчүн мектептин, РайОНОнун, облОНОнун, Билим жана илим министрлигинин грамоталарын алыш керек. Бул грамоталар жөн эле кишиге бериле бербейт,көп жыл иштеп дасыккан,мыктыларга гана берилет. Үч жыл мектепте иштеген министр Каныбек Исаковдун жердеши бул грамоталардын барын алганбы? Андан тышкары кеминде 15 жыл иш педагогикалык тажырыйбасы болуш керек.

“Билим берүү отличнигине” татыган адам бир мектептин көркү болуп жакшы иштеп, башкаларга үлгү болуш керек. Ал эми Билим жана илим министри Каныбек Исаков бул кызматка келер менен жакын жердеши, Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 орто мектептин география мугалими   23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы “Билим берүү отличнигин” алды.

Бактыгүл Жапар кызынын Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 орто мектепте география мугалими болуп иштегенине үч жыл болуптур. Демек, Каныбек Исаков Ош Мамлекеттик университетинде ректор болуп турганда, анын студенти болгон. Бул кечээки  студент кызды окуткан мугалимдер 30-40 жыл мектепте окуучуларга көөнөрбөс билим берип, “Билим берүү отличнигин” алабыз дегенде эки көзү төрт болуп, бирок “Билим берүү отличнигинин” лимити аз болгондуктан гана ушул белгиге жетпей жүргөндөр канча?

Кечээки ректор Каныбек Исаков былтыр ишин баштай элек жатып  жаңылдыбы, ал Билим жана илим министри болор менен көп жылдар мектептин ачуу-таттуусун татып жүргөн мугалим агай-эжейлерге чыйт түкүрүп койду да, үч жыл иштеген  жердешине, өзүнүн жакынына, балким өзүнүн студентине “Билим берүү отличнигин” берүүдө коюлган талаптарды, кыянатчылык менен бузуп, мыйзамды сыйлабай, Каныбек Исаковду да окуткан мугалимдердин кадыр-баркын тебелеп кетти. Көп жыл иштеп, урмат-сыйга татып “Билим берүү отличнигине” жетпей жүргөндөр сиздер унчукпай эле пенсияга кете бербесеңиздер сиздерге жаштардан орун тийбейт. Кошумчалай кетерибиз андан мурунураак үч жыл мектепте дене тарбиясын берген “Акела” менен “Аттиланын” айырмасын билбеген депутат Тазабек Икрамов да “Билим берүү отличнигине” ээ болгон. Эми айла жок, эскилер өттү министр студенттер менен билим берүү тармагында бир саат иштебеген депутаттарга бул сыйлыкты бербей, жаңы окуу жылында калыстыктар көп болсо экен, агай –эжейлердин эмгеги бааланса экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости