www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам өзүн-өзү өнүктүрүү же жеке керектөөлөрүн канааттандыруу максатында билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган кошумча билим берүү кызматтарды алуу боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат, ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо.

Мыйзамдын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

— кайра даярдоодон өткөн;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

— репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.

Кол коюлган Мыйзам менен «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости