www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ката деген Билим, илим  министрлигинде көнүмүш адатка айланды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап орто мектебинде кайрадан ката аттестаттар таратылды. Ката “среднюю реднюю школу” деп кеткен. “Среднюю школу” деген сөздү чала моңол орусча билгендер түшүнөт. Ал эми “реднюю школу” дегенди министр Гүлмира Кудайбердиева новатордук кылып жаңы эле киргизбесе, мындай сөз кыргызда да, оруста да жок. Билим министри мурун бир-эки ката кетсе эмне экен деп кыйкырчу. Эми бир –эки эмес, форум өткөзсө ал жердеги жазуудан кетет, окуу китептеринен кетет, аттестаттан кетет. Бул жолу күнөөнү Билим министрлиги басмаканага коюшту. Кызык, басмаканада эмнени жазып беришсе ошону чыгарышат эмеспи? Албетте, ката кеткен аттестаттар алмаштырылат, бирок мамлекетке кандай зыяндар болуп жатат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости