www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2011-жылдагы президенттик шайлоодо "Ошун Келдибеков менен Ташиеви ала берсин, мага Чүй деле жетет" - деп чыкса, бийликке келгенден кийин Таластыктарды "эл деле эмес", Көлдүктөрдү "бандиттер", Нарындыктарды "суу булгагандан башкага жарабагандар" - деп чыкты. Ал эми бийликтен кеткенден бери Кыргызстандын бүтүндүгүнө, биримди-гине доо кетирчү иштерди жүргүзүүдө.

Адатта ал элдин, мамлекеттин биримдиги, кызыкчылыктары жөнүндө дүжүр сөздөрдү айтат да, анан кыйыр түрдө трайбалисттик, жердештик чакырыктарга өтүп кетет.  Максим Бакиевден тартып алынган 2,6 гектар аянтка салынган Кой - Таштагы хан сарайына көчүп келгенден бери "азыркы бийликтегилер элди бөлүп жатат" - деген демагогиялык билдирүүлөрүн күчөттү. Анын артында "мен Арашандык болгондугум үчүн азыркы бийликтегилер куугунтуктап жатат, чүйлүктөр мени коргоп калбайсыңарбы?" - деген чакырык тургандыгын ким деле болсо көрүп турат.

Мурда Таластыкмын, Баткендикмин деп жүргөн адамдын эми жанына күч келгенде чүйлүк боло калгандыгы өтө эле кейиштүү көрүнүш. Чындык үчүн айтып коюш керек, ал түбү Самарканддык фарстардын "карача" деген уруусунан экендигин биз эмес, анын ардакталып ордендүү болгон "летописчилери" эбак жазып чыгышкан. Бул ыгы келгенде айтылып кетти.
АШАнын аялдардын, жаш балдардын арасына бекинип алып, бийликтегилерге куралдуу каршылык көрсөтөрүн, аны бул жагынан да колдой тургандар бар экендигин кыйытып жаткандыгы - ал кара башы, жекече кызыкчылыгы үчүн үй - бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздуктарын гана эмес, башкалардын өмурлөрүн да тобокелге салууга даярдыгын, ал биз ойлогондон да алда канча коркунучтуу адам экендигин айгинелеп турат. Мейли, ал хан сарайына бекинип алып, аны суракка алып келгени баргандарга каршы ок чыгарсын.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө каршы ок чыгарса, алар да ок менен жооп бергенге аргасыз болушат. Анда анын жанындагы үй - бүлө мүчөлөрү, алданган аялдар, балдар эмне болушары жөнүндө ойлонбойбу?

Ал таластык же баткендик, же чүйлүк болгону үчүн кол тийбестиктен ажыратылган жок, ал ондогон адамдардын өмүрлөрүн кыйган кримавторитет А.Батукаевди ири суммадагы акча үчүн эркиндикке чыгарып жибергендиги, толгон - токой коррупциялык механизмдер аркылуу өлкөбүзгө жүздөгөн миллион долларлык зыяндарды келтиргендиги үчүн кармалып, суралганы жатат. Орустар айткандай, кылмышкерлердин улутка да, урууга да, расага да тиешеси болбойт. Ал конкреттүү кылмыштарды жасагандыгы же аларды уюштуруп, аткарууга катышкандыгы үчүн гана жазаланат. Эгерде ал өзү айткандай таза болсо, суракка келип, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенден эмнеге коркот?

Тескерисинче, чындыктын аныгына чыгып, жаңжалдардан, өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөрдөн арылганы жатканына сүйүнбөйбү. Илгери элге, жерге каршы кылмыш кылгандарды урукташтары жашырышкандан уялышкан, намыстанышкан, ошондуктан андай адамдар башка жактарга качып, тентип кетүүгө аргасыз болушкан. Азыр элдин байлыгына эки колун салып, мамлекеггик чоң даражадагы жетекчинин аброюна ылайык келбеген, элди дайыма бөлүп жарып, мазактап келген адамдын жанына айрымдардын топтолуп алып, ага коргоочу болуп жаткандары бүтүндөй бир аймактын элинин бетине чүркөө болууда. Айылдаш, тууган, тамыр-сөөк болсо, оор кылмышкер болсо да коргой бериш керекпи?

Минте берсе, андай аномалиялык көрүнүштөргө убагында тийиштүү чаралар көрүлбөсө, эртең Чикатило менен Джек Потрошителди коргоочулар деле чыгат. Чеченстанга чыгарылып жиберилген кримавторитеттин, маселен, Джек Потрошителден кандай айырмасы бар?

Ал 6 адамдын курсагын жарса, Батукаев андан үч эсе көп адамдардын баштарын алгандыгы жазылып, айтылып жатпайбы.
Мына ушундай кылмыштарга тиешеси бар экендиги үчүн кармалганы жаткан адамды жердештиги, туугандыгы үчүн эле коргоого аракеттенүү өз аймагындагыларды мазактап, кордогондук, мыйзамдуулукка түкүргөндүк болуп саналат. АША элдин биримдигине жарака кетирип, ал кычыкка жашынууга канчалык аракеттенбесин андан эч нерсе чыкпайт. Кабыгына жашынган үлүлдү шибеге менен чукуп чыгаргандай, мыйзамдын кычкачы аны кай жерден болсо да сууруп алат.

Булак: Майдан.kg

 

Последние новости