www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин Басма сөз борборунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун маалымат жыйыны өтүп жатат. Төрага Дастан Жумабеков журналистердин учурдагы саясый кырдаал боюнча берген суроосуна жооп берди.
--Биз мыйзамдуу мамлекетте жана ыйзамдын алкагында жашайбыз. Мыйзамды сыйласак, баарына мыйзам чегинде жооп беребиз. Мыйзамдын алкагында ишибизди кылдык. Парламент жоопкерчиликтен качпайт, биз эл менен жолугушууга кеттик. Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кереги жок. Албетте биз демократиялык өлкөбүз, ар ким мыйзамдын алкагында жыйын өткөрүп жатат. Кырдаалды мыйзам менен тууралоо керек, - деди төрага Дастан Жумабеков.
Андан сырткары парламенттин кызыкчылыгы бир адам үчүн иштебей, эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кыла тургандыгын кошумчалады төрага Дастан Жумабеков.
Эске сала кетсек так ушул таптарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жергиликтүү ММКларга маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg