www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы, Темирбек Асанбеков, "Биздин саясатчыларда айкөлдүк жок, көпчүлүгү өтө кекчил адамдар!", деп,  Майдан.kg гезитине маек курган.

-Отунбаеванын Атамбаев тууралуу тараткан билдирүүсү купулуңузга толдубу же турдүү ойго салдыбы?

-Биздин жогорку бийлик даражасына жеткен адамдар чыныгы эл камын көргөн акылмандуулук саясый даражасына жете элек экени өкүнүчтүү. Анткени, акылдуу, билимдүү саясатчы, сөзсүз түрдө жогорку дипломатия сапаттары менен эл ынтымагын, мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук стабилдүүлүктү коргойт. Роза Отунбаева сабатсыздыгын, жеке көз караштан жогору көтөрүлө албастыгын далилдеди. Жок дегенде табийгаттык энелик сезим да жардам бербеди.

-Роза Исаковна мумкунчулуктө пайдаланып, Атамбаевден өч алууну максат кылган жокпу?

-Негизи эле биздин саясатчыларда айкөлдүк жок, көпчүлүгү өтө кекчил адамдар. Бул өзгөчөлүк адамдык сапаттын моралына жатпаган кыргыз элинин азабы. Ошон үчүн ушундай жагдайлар орун алып, элди кыжаалат кьшып, санаркатып жатышат.

-Атамбаевден мурун стабилдүүлукту Сооронбай Жээнбеков ойлошу керекпи?

-Албетте, мамлекеттин туруктуулугу, журт башчынын иш аракетине жана каалоосуна байланыштуу. Президент чындап кааласа, бийликтин мүмкүнчүлүгүн, потенциалын пайдаланып, саясый оппоненттери менен тил табышуу шартын түптөй алат.

-Атамбаевдин эл чындап колдой баштадыбы же Алмазбек Шаршенович алар менен коргонууга аргасызбы?

-Алмаз Шаршеновичте мындан башка арга да, айла да жок. Ал өзүн өзү алдады, өзүн өзү жазалады. Тышкы мамлекеттин жетекчилери, ал ишенген саясый партнерлору да сатып кетги. Эми чыныгы жаңы саясый элитаны тарбиялап, өстүрүп чыкса гана акылмандуулук менен катасын түздөп, саясый даражасын калыбына келтире алат. Болбосо мындан да кадырын кетирген иштерге жол берип, айласы кетип, аргасы түгөнгөн мезгилге жетип калат. Экс-президенттин кадрлары Атамбаевдин штабына барып, акыбал - жайын сурап, баары биригип, өздөрүн коргоо чараларын көрбөсө, эртең аларга да кезек келээрин түшүнө башташты.

-Мындай саясаттын эмнеге алып барышы мүмкүн?

-Элди бөлүп жаруу, башкача көз караштагы оппоненттер менен мамлекеттик туруктуулукту күчөтүү саясый багыты, эч бир мамлекетке жакшылык алып келген эмес.

Булак: Чынайым Кутманалиева, Майдан.kg

 

Последние новости