www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс - вице - премьер - министр, Камила Талиева, "Атамбаев жеңил пиар жасап, спектакль коюуда" деп, Майдан.kg гезитине маек курган.
-Камила эже, Роза Отунбаева Атамбаевдин акыркы мезгилдеги аракеттери тууралуу билдирүү таратып, саясий бечелдигин көрсөтү деп айтылтады. Анын койгон дооматы жөндүү элеби же чындыкка дал келбейби?
-Роза Отунбаева сындагандан мурда, Атамбаевди президенттикке өзү алып келгенин да моюндап, өзүнө да дооматты койсо калыстык болмок. Эң оболу кыргыз элинен өзү кечирим сураш керек болчу. Анын койгон дооматы бир жактуу болуп калган, калыстык үчүн айтып коюу керек.
Ал эми, Атамбаевдин бүгүнкү күндөгү кадамдары албетте туура эмес. Мыйзамдуу мамлекетте өз элин эмес, мыизамды калкан кылышы керек болчу, ал эми, мыйзамдарга ишенбесе, ошол мыйзамды иштеткен Сот системасын өзү кураганын билиши керек. Кандай болгон учурда да мамлекетти башкарган экс-президент мындай кадамдарга барбашы керек эле.
-Ал бул кадамдары менен өзун коргоп жатабы же "азыр да колумдан көп нерсе келет" дел бийликке сес көрсөтүп жатабы?
-Эң жогорку кызматты ээлеп жүргөн инсан мынчалык мыйзамсыз аракеттерге барбоосу керек эле. Бийликке сес көрсөтүү аракети да болуп жаткандай, коомчулукта бийликти кетирүү чакырыктары да болуп жаткандай жагдай түзүлүп жатат. Албетте, ал кадамдары үчүн мыйзам астында жооп берүүсү керек. Ким болбосун, мыйзам талаасында өз укугун коргоо керек. Атамбаев өзү айткандай, мыйзамдар иштебейт, сотко ишенбейм десе, ошол системаны өзү түзбөдү беле, ошонун үзүрүн өзү көрүп жатат.
-Анын кадрлары колдоп барганы пиарбы же элди алдообу?
-Мындай спектакль боло берчү эле көрүнүш, "мына мени дагы да эл колдоп жатат" деген эле бир жеңил пиар. Башкача айтканда, элди алдоо болуп саналат.
Булак: Чынайым Кутманалиева, Майдан.kg