www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев экс-президент Атамбаевге кезектеги кайрылуусу менен чыкты, тексти төмөндө...

--Алмазбек Шаршенович, бешенеңизге жазылган экен, ошол учурдага кырдаалдын ыңгайы келди - мамлекет башына турдунуз, 2011-жылы президент болуп шайландыңыз. Бирок, муну ачык эле айтуу керек, сиз мамлекет башчысы, журт атасы деңгээлине алты жылда чыга алган жоксуз, ошондой бийик даражага инсандык парасатыңыз жете албады, тилекке каршы. Көрпенделик кылдыңыз. Жеке кызыкчылыктын, жеке таарынычтын, кекчилдиктин, өзүм билемдиктин алкагынан чыга албадыңыз, акыры келип мына ушулардын курмандыгы болуп отурасыз. Сыртыңыздан эр жүрөк, айкөл көрүнүүгө аракет кылганыңыз менен, ичиңизден тааруу айланбаган майдачыл экениңизди, мүнөзүңүз алакөөдөн, ала-качма экенин турмуш далилдеди. Бүгүн дагы сиз Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечеги үчүн күйүп-бышкан жоксуз, сиз бүгүн жеке ичкүйдүлүктүн жетегинде жүрөсүз...

Жеке кызыкчылык үчүн жакындарыңыз эле эмес, бүтүндөй өлкөнү садага чабууга даяр экениңизди көрсөтүп жатасыз... Азыр кайра-кайра «...атышьш жатып өлөм...» - деген кыяздагы сөздөрдү айтып жатасыз. Алты жыл ал башкарган кишинин айта турган сөзүбү ушул? Жок, бул сөз «көчө балдарынын» сөзү... ошол «көчө балдарынын» же мындан бир кылым мурда өткөн басмачы-каракчылардын деңгээлине түшүп алдыңыз...

Бул сөз сырттан жоо чаап, кыйрыды басып душман келсе айтылса туура болмок, эрдик катары бааланмак...

Азыр ким менен атышканы жатасыз деги? Кайсы душман, каисы жоо менен атышканы жатасыз?

Сиз бул сөзүңүз менен өзүңүздү мыйзамдан сырткары чыгарып жатасыз, коомду башаламандыкка, туңгуюкка түртүп жатасыз.

Сиз бүгүн Кыргыз мамлекети менен атышканы жатасыз, мамлекеттүүлүктүн тамырын кыйганы жатасыз... эгер түшүнсөңүз. Сиз бүгүн Эгемендүү Кыргыз Республикасын тааныбайм, тааныгым да келбейт деп жатасыз, түшүнгөн кишиге.

Жоругуңуз жолдо калсын, Алмазбек Шаршенович! Ойлонуңуз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Мамлекет сизге керек болбоЙ калса - бизге керек! Келечек сизге керек болбой калса - элге керек! Коомду өзүңүздүн жеке ичкүйдүлүгүңүздүн, жеке таарынычыңыздын барымтасына айлантам деген жосунсуз жоругуңузду токтотуңуз!

Булак: Майдан.kg

Последние новости