www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы хансарайына акчага жалдап адамдарды алып келип, өзүнө коргон жасайм деп атып, тескерисинче жашыруун сырларынын баарын ачыкка чыгарып алыптыр.

Азыр АШАнын короосунда жүргөн ар бир эле экинчи адам: «Мен Атамбаевдин хансарайы мынчалык деп ойлобоптурмун, мындай жомоктогудай болгон хансарайды, короо-жайды салыш үчүн 10 адамдын өмүрүн бир берсе да анча каражат табыш кыйын болсо керек. Демек, Атамбаев мамлекетти каалагандай тоногон деген сөз чындык тура» деп жүрүшөт дешет. 

Дагы бирлери «ушунча топтолуп калгандан кийин Атамбаевди хансарайынан кууп чыгып салбайлыбы. Бул деген мамлекеттин акчасына салынган экен да» деп айтышууда дешет. Айтор, Атамбаев өзүнүн короосунда жүргөн адамдардын да 70-80 пайызынын колдоосунан ажырап жатканын Атамбаевге жакындары айпаса дагы биз акырын шыбырап койолу дедик. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости