www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы экс-президент ШАнын Кой-Таштагы хан сарайынын короосу азыр Сириядан качып, ар кайсыл мамлекеттердин чек араларында топтолушуп, уруксатты күтүп жаткандардын лагерлеринин бирин элестетет.

Мурда аялдар, ар кандай курактардагы кишилер эле болсо, акыркы күндөрдө АША жакын достору менен алдына ичимдиктерди, суусундуктарды коюп алып, кредиттерди, гранттарды кантип бөлүштүрүүнү, кимдерди кай жерлерге жайгаштырууну чечип отуруу үчүн курдурган бастырмалардагы, аларга жакын дарактардын түптөрүндөгү төшөнчүлөрдө жаш балдар аралашып жүргөндүгүн да көрүүгө болот. АША хан сарайынан анда-санда чыгып келип, өзүнүн, мамлекетке жүздөгөн миллиондогон долларлык зыяндарды келтиришкен, азыр абакта жаткан өнөктөштөрүнүн Арашандын суусунан да таза экендиктерин жараналап, бийликтегилерге курал менен каршылык көрсөтөрүн айтып опузалайт да курулушуна миллиондогон долларлар сарпталган хансарайына эс алганы кайра кирип кетет.

Ал эми чогулгандар шорпо шилеңдердин качан берилерин күтүп, мээ кайнаткан аптапта сыртта калышууда. Ал белгилүү суммаларга жалданып отургандарды аябаса да жаш наристелерди аяса болмок. Деги эле ал жерге жаш балдарды киргизип, аладын ден соолуктарына зыян келтиргендин кандай зарылчылыгы бар?

Ал белгилүү суммалар үчүн эмнелерди айтканга, кай жерде болсо да жатканга даяр тургандары менен эле өзү тараптагыларды сактамай, мактамай, атаандаштарын каргап, шилеп боктомой чараларын өткөрө бербейби. Анын антип кара жанын түрмөдөн алып калуу үчүн наристелерди да пайдаланып жаткандыгынын өзү эле анын кандай өзүмчүл, өз кызыкчылыгы үчүн эч кимди аябаган эгоист экендигин айтып турат. Башка бир ыймандуу, уяттуу адам болсо, балдар, кош бойлуу келиндер адашып кирип калса деле аларга ыракматын айтып, казандарда кайнап жаткан букалардын, койлордун бирден кабыргала-рынан, чайын берип, "айланайындар, бул жерде жүргөнүңөр болбойт, Атамбаев аялдардын, балдардын артына бекинип алыптыр дедиртип, мени уят кыласыңар" деп колдорунан жетелетип үйлөрүнө жеткиртип коймок, Ошерде жүргөн Ж.Бабакулов деген адам 2010-жылдан бери 197 жолу пикеттерге, митингдерге катышкандыгын билдирди.

Айрым айымдардын сөздөрүнө, сырткы кебетелерине караганда алар деле мындай "университеттердин" көбүн бүтүрүшкөндөй. Буларга караганда АША айылдаштарын эмей эле, "штаттык" ОБОНчуларды, кесипкөй митингчилерди чогултуп алса керек. Бирок, ал кимдерди чогултуп, аларга канчадан айлык төлөсө деле мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен кутула албастыгы, ал анын аргасы кеткендиги агониялык жандалбастарынан экендиги дайын болуп калды.

Булак: Майдан.kg

 

Последние новости