www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын экономикасында гүлдөгөн доор болгону айтылып келет. Тактап айтсак, Атамбаевге тиешелүү «Апрель» телеканалында «Кыргызстандын эң эле кой үстүнө торгой жумурткалаган доору” дал ушул жылдарга туш келет экен. Бирок, факты деген өжөр нерсе. Бул тууралуу маалыматты Ньютаймс жазып чыкты.

Атамбаев учурунда түндүк-түштүк альтернативалуу жолун куруу демилгеси көтөрүлгөн. Коомчулук, анын ичинде экономистер ал долбоорго каршы чыгып, такыр эле болбой баратса кошумча жол үчүн Нарын - Ак-Талаа, Тогуз-Торо – Жалал-Абад жолун оңдоп түзөө мамлекетке экономикалык жактан пайда болоорун айтышкан. Тилекке каршы Атамбаев жана анын Ко су бул билдирүүгө караманча каршы туруп, жаңы жол салынышын күч менен демилгелешкен.

2010-жылдан бери бир кг. цемент баасы 3.50 тыйындан 6 сомго чейин көтөрүлгөн. Мисалы, Кант цемент-шифер заводу чыгарган цементтин баасы эң кымбаты 4.50 тыйынга чыккан. Кызыл-Кыя түштүк цемент заводу чыгарган цементтин базар баасы эң кымбаты 7 сомго чейин өскөн.

Ал эми бул жолду курууга пайдаланган цементтин бир кг. баасы 80, 90 сомдон ошол кездеги доллардын курсу боюнча алынган. Мындайча айтканда бир кг. цемент жыйырма, жыйырма беш эсеге чейин жогорулап кеткен. Эми жол боюнча. Документ жүзүндө бир километр жол 2 млн. 598 доллардан эсептелинген. Эми Кытайдын өкмөтү 850 миллион долларды жаңы альтернативдүү жолдун курулушуна бөлүп, анын 700 миллионун "Эксимбанк» берген. Атамбаев жана анын командасы жалгыз ушул банк менен иштешкен. Иштешкенде да Атамбаев бийлиги бул жолду эч кандай Техникалык экономикалык негиздемелери жок эле эч бир тендерсиз баштап жиберишет. Анан, биз жогоруда айткандай бир чакырым жол үч миллион долларга чукулдап барган.

Ал эми Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча, Борбор Азияда кандай гана жол салынбасын анын экономикалык шарты 1 миллион 200 миң долларга курулат. Бул расмий маалымат. Европада мындай жолдор 800, 1000000 долларга гана турат. Экономикасы Борбор Азия боюнча артта турган өлкөнүн курган бир километр жолу үч миллион долларды чапчышы бул абсурд. Бул маалымат менен Атамбаев жакшы же жаман иштеди деп айтуу оор. Аны коомчулук таразалашы керек…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости