www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында террористик акт тууралуу атайылап жалган билдирүүлөр көбөйүүдө, алардын авторлору катардагы жашы жеткен жарандар болсо, кээ бирлери мектеп жашындагы өспүрүм балдар. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын өмүрү менен ден соолугуна реалдуу коркунуч бар деген негизде аракеттенишип, мүмкүн болгон терс кесепеттерге жол бербөө максатында кылдат текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул жагдай укук коргоо органдарынын жана башка кызматтардын күч-каражаттарын түз милдеттерин аткаруудан убактылуу алаксытууга жана мамлекеттин бюджетине зыян алып келет.

Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо – коомдук коопсуздукка кол салууга барабар. Мындай жалган билдирүүлөр кадимки жашоо тартибин, нормалдуу иш ыргагын бузат, мекемелер менен уюмдардын ишин токтотот, жарандарды эвакуациялоого мажбур кылат.

Көп учурда ар кандай себептер менен мындай кылмышка мектептер, көңүл ачуу жана соода борборлору объект болуп келген. Белгилей кетчү жагдай, террористтик акт тууралуу атайылап жалган маалымат түшкөн учурдан тартып эле кылмыш жасалды деп эсептелет жана бул кыймыл-аракеттер олуттуу жоопкерчилике, чыныгы эркинен ажыратуу жазасына алып келиши ыктымал. Коомдук тартипке каршы бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси «Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо» кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге барган жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган болсо, алардын ата-энеси өз балдары үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат.       Ушуга байланыштуу ата-энелерди балдар менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, алардын кыймыл-аракеттерине тыкыр көзөмөл кылууга чакырабыз. Ал эми жашы жеткен жарандарды өз кызыкчыгын же бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп жалпы коомго, мамлекетке зыян келтирүүдөн алыс болууну билдиребиз.

Последние новости