www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-февраль күнү 61 жаш курагында прокуратура органдарынын ардагери Иванов Виктор Геннадьевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Виктор Геннадьевич 1964-жылдын 22-мартында Фрунзе шаарында туулган. СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп, 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алынып, эмгек жолунда Чүй облусунун, Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун прокуратура органдарында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында, ошондой эле транспорттук жана аскер прокуратурасы тармактарында жетекчи кызматтарды аркалаган. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Аскер прокурору болуп иштеген.

Кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы, жогорку кесипкөйлүгү жана прокуратура органдарындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн бир нече ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Последние новости