www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-августтан тартып калаанын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору бардык санитардык эрежелерди катуу сактоо менен иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Биометрикалык маалыматтарды 16 жаштан өткөн жана биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек жарандар тапшырса болот.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору төмөнкү даректерде жайгашкан:
Биринчи Май районунун тургундары үчүн Ростов көчөсү, 19б дарегинде жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында биометрикалык маалыматтарды чогултуу борбору ачылган. Толук маалымат: 0705 635363;
Свердлов районунун тургундары үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту «Дордой» жаңы конушунун №94 мектебинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Толук маалымат үчүн байланыш: 0505 577222;
Октябрь районунун тургундары Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясына саат 09:00дөн 18:00гө чейин кайрыла алышат. Толук маалымат: 0550 776644;
Ленин районунун жашоочулары Интергельпо көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан №57 мектептин имаратына келип, биометрикалык маалыматтарын каттата алышат. Толук маалымат: 0705 160513.
Булак: NazarNewskg