www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери улантылууда

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иштери улантылууда. Мамлекеттик каттоо кызматы берген билдирүүгө ылайык, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу максатында 19-сентябрга чейин бардык тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштеп жатат. 

Бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын добуш берүү укугун пайдалануусуна шарт түзүүнү максат кылат. Бишкекте калкты тейлөөчү алты борбордо, Ош облусунда үч, Жалал-Абадда үч, Баткенде эки, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында бирден тейлөө борборлорунда жарандар биометрикалык маалымат тапшыра алат.Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрда парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 465 миң 415 кишинин тизмеси такталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости