www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министрлиги издөөгө алынган Шугыл Турлыбек Чехиянын борбору Прагада кармалганын билдирди.

Ал Чыгыш Казакстан облусунда ири көлөмдө алдамчылык жасоо шеги менен издөөдө жүргөн. Ушул тапта аны Казакстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

2020-жылы Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги аталган компания менен келишимди үзгөн. Казакстан өкмөтү 10 жылга жеңилдик менен алган 174 миллиард теңгени (азыркы курс менен алганда 371 миллион доллар) мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылган. Индустрия министрлиги “компания автомобиль кураштыруу жөнүндө милдеттенмесин аткарган жок” деп маалымдаган. "Азия Авто" акционердик коому кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.

2021-жылы августта бийлик “БИПЭК авто — Азия авто” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Анатолий Балушкинге издөө жарыялаган. Казакстан соту аны камоого сырттан санкция берген.

“Азия Авто” өлкө боюнча эки миңден ашуун жумушчуну бошотуп, ишкана бир катар багыттагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Балушкин жана анын компаниясы сот чечимине каршы бир нече жолу даттанган. 2020-жылы ноябрда Балушкин үч заводдо тең текшерүү жүргүзүп, ким мамлекеттин акчасын алганын, каражат кайда жумшалганын көрсөткүсү келерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости