www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 4-декабрда Душанбеде кенже кызын өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун уулуна турмушка узатты

Өз булактар билдиргендей, Фарзона Рахмон менен Сафархон Юсуфтун үйлөнүү үлпөтү ушул жуманын аягына белгиленди.

Башкы прокурордун уулу Сафархон Рахмон Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Фарзона Рахмондун иши жөнүндө маалымат жок.

“Озоди” радиосунун бир нече булактары кыз узатуу Душанбедеги “Магнолия” ресторанында өткөнүн тастыкташты. Анын алдында көчөнү ремонттоп, ресторандын тышын сырдап, Эмомали Рахмон келген күнү жол жабылды.

Тажикстанда президенттин кудалары жана күйөө балдары өкмөттө негизги кызматтарды аркалашат же ири компанияларга ээлик кылышат.

Президенттин улуу кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев мурда Улуттук банкта иштеген. Ал Душанбе-Хожент жолун тейлеген IRS компаниясына ээлик кылары айтылып келет.

Президенттин төртүнчү кызы Рухшона Рахмондун күйөөсү Шамсулло Сохибов агасы менен бирге Тажикстандагы күйүүчү май базарын монополдоштуруп алган. Рухшона Рахмон өзү болсо бир жыл мурун Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган.

Президенттин үчүнчү кызы Тахмина Рахмон менен анын күйөөсү Зарифбек Давлатов да ийгиликтүү ишкерлер. Алар ээлик кылган агенттик Орусиянын шаарларына авиабилет сатуу боюнча эксклюзивдүү укукка ээ.

Президенттин башка бир кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов – Тажикстандын Түркиядагы элчиси.

Рахмондун дагы бир кызы Зарина Рахмондун жолдошу Бег Сабур Тажикстандын Байланыш кызматын жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости