www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын «Шэньчжоу-14» космостук кемесинин үч экипаж мүчөсү - Чэнь Дун, Лю Ян жана Цай Сюйчжэ 5-декабрда атайын учуу менен Бээжинге аман-эсен келишти, деп билдирди Кытайдын Адам башкарылган космостук программасынын кеңсеси. Бул тууралуу маалыматты NazaNewsка Кытайдын CCTV-plus мааалымат агенттиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, Пекинге келгенден кийин үч космонавт профилактикалык карантинден өтүшөт, анын жүрүшүндө алар комплекстүү медициналык кароодон өтүшөт, ошондой эле ден соолугун текшерүү жана санитардык-курорттук дарылоодон өтүшөт.

Космос станциясында алты айлык миссиясын аяктаган жогорудагы үч астронавтты ташыган «Шэньчжоу-14» кемесинин кайтып келген капсуласы Ички Монголия Автономиялык районундагы (Түндүк Кытай) «Дунфэн» конуучу жерге Жекшемби күнүн, Пекин убактысы боюнча саат 20:09да конгон.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости