www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шүгүр, Кыргызстандан Бээжиндеги кышкы олимпиадага бир адам катышты. Ал катышкан лыжа боюнча жарышка 84 адам катышканы чын, ал эми элдин айтусунда ал артынан санаганда биринчи орунду алганы калппы,чынбы ким билет. Батыштын айтуусунда Орусия Украинага кол салыш үчүн Бээжиндеги олимпиаданын күтүшүн күтүп жаткандай. Акыркы мезгилдеги ДНР,ЛНР толук моблизацияга өтүп, жарандары Ростов облусуна жөнөтүп жатышканы, Путин менен Лукашенконун шашышлыш жолуканы балким ызы-чуу болор алдындагы нерсени кабарлап жаткандыр. Бээжиндеги Олимпиаданын ачылышына мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы катышкан. «Эл оозу элек» кээ бири Си акебиз көңүл толорлук кабыл албай коюптур десе, кээ бирлери Си акебиз башка мамлекет башчыларына караганда биздин президентти эң жогорку деңгээлде тосту, ошондуктан Кытай-Кыргызстан –Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүгө чамынып жатат дешет. Ким эмне десе ошол десин, президентти уят кылбай Кыргызстандан бир спортсмен катышкан. Болгон үмүтүбүз ушунда эле ал медалга жетет деген үмүтүбүз таш капты. Олимпиада десе акактап калчу Аскар Салымбеков деген агабыз бар эле, бул агабыз күйүт тартып жатат болуш керек. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык белгилүү ишкер Аскар Салымбеков күйөрман катары катышканы белгилүү.
Кыргызстандан Улуттук лыжа боюнча курама команданын мүчөсү Максим Гордеев Бээжиндеги Олимпиадага лицензия алган. Ал Караколдо 1995-жылы 1 ноябрда туулган. АКШнын президенти Жо Байден 2022-жылкы Кышкы Олимп оюндары Кытайдын Бээжин жергесинде өткөрүлгөнүнө байланыштуу АКШ дипломатиялык бойкот жарыялоосун салмактап көрөрүн билдирди. “Аны биз караштырып жатабыз”, - деген ал кабарчыларга. Дипломатиялык бойкот АКШнын эч бир расмий өкүлү Кышкы оюндарга жиберилбей турганын билдирет. Мындай чечим АКШ-Кытай мамилеси чыңалып кеткен шартта айтылган. Байден Кытайдын президенти Си Цзинпин менен өзүнүн алгачкы түз сүйлөшүүсүн жүргүзгөн. Кытай Тайван боюнча АКШны “от менен ойнобоого” чакырды. Кытайдын ракетасы АКШны абдан чочутту. Ак Үйдөн Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки билдиргендей, АКШ менен Кытайдын лидерлери дүйшөмбү күнкү үч саатка созулган виртуалдык жолугушуу учурунда Олимпиада жөнүндө талкуу кылышкан эмес. Акыры АКШ олимпиадага бара турган болду.
1 1924 Шамони, Франция
II 1928 Санкт-Мориц, Швейцария
III 1932 Лейк-Плэсид, АКШ
IV 1936 Гармиш-Партенкирхен, Германия
V 1948 Санкт-Мориц, Швейцария
VI 1952 Осло, Норвегия
VII 1956 Кортина д'Ампеццо, Италия
VIII 1960 Скво-Вэлли, АКШ
IX 1964 Инсбрук, Австрия
Х 1968 Гренобль, Франция
XI 1972 Саппоро, Япония
XII 1976 Инсбрук, Австрия
XIII 1980 Лейк-Плэсид, АКШ
XIV 1984 Сараево, Югославия
XV 1988 Калгари, Канада
XVI 1992 Альбервиль, Франция
XVII 1994 Лиллехаммер, Норвегия
XVIII 1998 Нагано, Япония
XIX 2002 Солт-Лейк-Сити, АКШ
XX 2006 Турин Италия
XXI 2010 Ванкувер, Канада
XXII 2014, Сочи, Орусия
XXIII 2018 Пхёнчхан, Корея
XXIV 2022 Бээжин, Кытай
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg