www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер талаш деген абдан оор маселе. Бир учурда жер талашуудан улам Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жининин чегинен чыгып, өзбек президенти Ислам Каримовго жулунуп, аз жерден сабап койо жаздаган. Бул иш чарага катышып турган казак президенти Нурсултан Абишович ортого түшүп арачалап калыптыр. Рахмон Эмомали ошондо деле: “Бухара менен Самаркан тажиктин жери, алар үчүн көргүлүктү көрөсүң”- дегени бар. Ашыналар тикейе караган Сох анклавы Баткен облусунун ичинде. Өзбекстан көптөн бери аны өлкөнүн негизги аймагына кошуп алууга кызыкдар болуп келет. А түгүл 2001-жылы Акаев президент болуп турганда Сохко коридор берүү боюнча жашыруун меморандумга кол коюп да жиберген. Бирок кийин бул коомчулукка чыгып кетип, парламент аны дароо четке каккан.

Баткенде Жогорку Кеңештин эки фракциясы көчмө жыйын өткөрүп келген. Баткенде негизинен биздин демөөрчүлөрдүн жардамы менен социалдык объектилердин, жеке турак жайлардын курулушу чечилиптир. Бирок, үй буюмдары күйүп, малдары уурдалып, жапа чеккен адамдарга акча төлөнө элек экен. Ошондуктан, Улукбек Ормонов демилге көтөрүп бул акчаны мартка чейин төлөп берүү боюнча атайын токтом кабыл алуу сунушу бар. Март болсо кирип келди. Акча төлөө – бул реалдуу. Себеби, өкмөт буга чейин өзүнүн чечимдерин даярдаган. Комиссия үйү күйгөн, мал-жандыгы уурдалган кишилер менен биргеликте даярдаган эсеп боюнча зыян 84 млн. сомду түзөт. Эмне үчүн төлөнбөй келгендигинин себебин да айтышты. “Ар бири менен макулдашып, кагаздарга кол койдуруп, тактоо көпкө созулду. Күзгө чейин ушу менен алектенип, бүткөн соң өкмөткө жибердик” дешти. Парламент өкмөткө тапшырманы беришкен.

Андан тышкары, чек ара кызматынын жоокерлеринин маяналарын көбөйтүү, авиакаттамдарды арбытуу маселеси да токтомго киргизилүүдө.Бүгүнкү күндө Бишкек–Баткен да, Бишкек–Исфана каттамы да бир жолудан экен. Эл алардын санын эки эсеге көбөйтүүнү суранышты. Авиакаттамдар боюнча айтсак, ал рейстерди аткарган жеке компания. Эгер самолет толбосо, компания чыгым тартып калышы мүмкүн. Ошондуктан, парламент ал компанияларга жеңилдиктерди берип, авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча да тапшырма беришти.

 Былтыркы чек ара чыр-чатагында бир нече чек ара заставалары да жабыркаган болчу. Алар калыбына келтирилип жатат. Демөөрчүлөрдүн көмөгү, өкмөттүн өзүнүн аракети менен заставалар, социалдык объектилер калыбына келтирилген. Бир гана нерсе, Арка массивиндеги АЗСтерге эч кандай каражат бөлүнбөптүр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости