www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев КТРКны көрбөйт, ошол үчүн КТРК УТРК болуп өзгөргөнүн деле билбей калды болуш керек. Меркелдин кетишин күтүп Шольц келер менен Германияга элчи болуп кеткен Өмүрбек Текебаев 2021-жылы кезексиз президенттик шайлоого катышарын билдирип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Германияга элчи болгондон бери ал «позициясынан кайттыбы?» десек, каккан казыктай эле өзгөрбөптүр. Жакында тар чөйрөдө кайра президенттикке аттанам дегенин кайталап, айрым лөктөрдү даяр турууга үндөгөнү кандай? Эгерде кырдаал өзгөрүп кетсе, Өмүке кайрадан элчиликтен баш тартып, оппозиция лидерлигин камсыздап калабы? Деги Конституция боюнча жашы ашпайбы? Азырынча ачык-жабык саясый талкууларга активдүү катышып, бийликке каршылык көрсөтүү пикиринен кайтпай жатканында кандай сыр бар.
Текебаевдин Германияга элчи болуп кетиши менен отуз жылдык эски доордун иши бүттү. Жапаров -Текебаев кайым айтышы 2020-жылдын октябрынан башталган. Көпчүлүк бийликке баш оору болуп келген Текебаев “музоо кезинде сүзүп койойун” деп Жапаровго асылган. Ал кездеги өкмөт башчысы Жапаров “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деп, аны Көтани сыяктуу бир топ кошоматчылар далилдеп беребиз деп колдоп чыгышкан. Ошол замат “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берген. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылган: “Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдикке бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.
Текебаев 2020-жылы да шайлоо алдындагы шалтаң жүрүштөрүн баштаган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында эл алды Текебаев чыга калып Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиеваларды чогулта коюп мөңкүй баштаган. 2021-жылы да урматтуу Чиркешович Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. Анын эң алгачкы искеп, эңсеп келген Курсан Асанов 2020-жылы парламенттик шайлоого акча чачып, ЖКга өткөн, шайлоону жаратпай койгон соң «элдикмин» деп жар салган «Бүтүн Кыргызстан» менен чыгып, бийлик алмашар менен Ички Иштер министрлигин басып алып, тез эле ал жерден куулуп чыккан. Курсан Асанов Текебаевге добуш алып берген эмес, арийне Текебаевдин кайырмагына түшкөн. Бирок Текебаев компромисске келип эми өзү Германияга элчи болуп кетсе, Курсан Асанов үй камагына бошотулду. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Бул ирет парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы эмнеси?
Ач көз мародерчуларды Кытайда «ушлап» туруп чекеге атып салат, биздин мародерчулар тез эле байларга айланышат. 2010-жылы бийлик алмашканда «Ата-Мекен» партиясы ишенген депутаттар мародерчулук кылышканы белгилүү.Мародерчу «Ата-Мекен» партиясынын лидерлери чилдей тарап, алар менен эптеп оокат кылгандар Акаев, Сурабалдиева, Момбеков, Токтогазиевдер эптеп күн көрүп калышкан.
Текебаев тууралуу бир ооз айта кетели.1990-жылы СССР гүлдөп пахтага мектеп окуучуларын мажбурлап чыгарып жатканда, Базар-Коргондук физик мугалим Текебаев кайра куруу шарапатына таянып бийликке каршы чыгат. Ошонун айынан эл колдоосуна ээ болуп Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12 чакырылышына депутат болуп келет. Бул парламент кийин легендарлуу парламент деген наам алган. Легендарлуу парламентте 350 депутат болгон. Легендарлуу парламент атка конгон эгемендүүлүктүн шарданы менен, ооздогу «скочту» сыйырып, ойго келгенди оттогон биринчи парламент ушул болду. Ал мезгилде ар бир чоң колхоздон бирден депутат шайлана турган. Ар бир райондон он-жыйырма депутат. Бары тең эле дудук болгондой унчугушпай колун көтөрүп берип коюшуп кете беришчү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg