www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мыкты уул атасын төргө сүйрөйт, жаман уул атасын көргө сүйрөйт", - деди NazarNews маалымат агенттигине КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов.

- Эфир башталарда манас айтып, комузда кол ойнотуп күү чертип бердиңиз. Комузду колго албаганыңызга канча убакыт болду, сөздүн артынан сөз улап сүйлөгөнүңүздөн төкмөчүлүк өнөр да бардай сезилди...

- Мен Карамолдо Орозов, Чалагыз Исабаев, Орозакун Каптагаев аттуу шайырлардын айылында төрөлгөм. Карамолдо Орозовдун күнүгө күүсү жаңырып жатат. Мен Манас айткан, күү ойногон, төкмө өнөрү дагы бар атанын уулу болгондон кийин ал кишини каны, деми, касиети, укумдан тукумга өтөт деп кыргызда бекер айтпайт да, атамдан жукса керек деп ойлойм.

- Жогоруда айтканыңыздай кыргыздын нарк-насил, адеп-ахлак, үрп-адатын чечмелеп берсеңиз окурмандарга дагы кызыктыр...

- Адат, нарк-насил жана башкалар бири-биринен айырмаланып турат. Кыргызда салт бар. Атчан киши жөө кишиге салам айтат. Айым кишиге эркек киши салам айтат, бирок колун сунбайт. Кыргызда сол колу менен аттанган, эркектер оң жагына бармакка чейин илип жүрсө, аял киши камчыны билегине илип алат.

Көпчүлүгүбүз элечекти баш кийим катары кабыл алабыз, бирок мунун стратегиялык мааниси чоң. Элечекти жазып жибергенде 40 метрге чейин жетет. Эки баатыр кишиге кепиндикке жеткен болгон. Эки кесиминен дасторкон дагы жайып алышат. Биз көчмөн эл болгонбуз.

Элечегин жаздырып, кепиндерин быштырып деп Манаста айтып жатпайбы. Кыргыз эшигин ачканга кел нан ооз тий деп айтат, башка элдин мындай салты жок. Бул каныбызга сиңген насил. Келди конок бүгүн деп суранышат. Боз үйгө жылан сойлоп кирсе, ак чачып чыгарышат. Жашына карабай туруп нарктуу кишини, көптү билген адамды сыябанга чыгарган. Таң атканча сүйлөтүп ал кишиден кеп угушкан.

Талаш тартыш, жылкы тиймей, нике жандырмай ала качмай, куда түшмөй, өкүл ата, өкүл эне шайламай ушундай салтты тереңдеп билген инсандан акыл сурашкан. Кыргыздар дайыма жайыт которгондо, мал сүргөндө, анын өлчөмүн эсептегенде нарктуу адамдар дөбөгө чогулушкан. Ошол жактан жүйөлүү мас-елелерди ортого салып чечишкен. Улам жайыт которуп турушкан.

Ошондуктан, кыргыздын жайлоолору жап-жашыл бойдон калган. Малды дагы ирети менен жайышкан. Азыркыдай эмес. Ошонун баарын биздин ата-бабалар туюп сезген. Сууну чыгарганда айылдын ылдый жагынан малды сугарышкан. Экологиялык саясат көчмөндөрдүн канында болгон. Нарктын ичинде адаты, салты, үрпү деп айтылат. Үрптү билген ургаачы үлгүртпөй тамак-ашын даярдап конокту тосуп алат.

Үрптү билген жигит айттырбай билип келген коноктун атынын ээр токумун алып, жүгөнүн шыпырып, буттарын тушап жайлоого коёт дейт. Үрптү билген бала атасы менен апасы сүйлөшүп жатканда капталдан чыгып качырып сүйлөбөйт дейт. Бул үрп жакшы касиет.

Адат дегенде адатта көгөнгө козулар тизилдет, желеге кулундар байланат. Адатта мал таң заарда чыгып кетет, каш карайганда кайтып келет. Адатта сөөктү берерде кабар келет. Адатта эң мыкты устукан салттуу нарктуу адамга берилет. Салт болсо биздин кыргыздыгыбызды ачыктап берген.

Мисалы актыкты боз үйдүн оң капталына койчу, сол капталына жигиттердин шаймандары найза желек жана башкалар турчу. Келиндин жоолук салмайы, улууларга жүгүнмөйү, тергемейи, кайнене-келин мамилеси. Кыргызда сөз бар "керегем сага айтам келиним сен ук" деген. Эч убакта кайнатасы чекчейип карап келинге тапшырма берген эмес. Ал кереге жакка каймана карап сүйлөйт тик карап сүйлөгөндөн айбыгышкан.

- Кыргыздын макалдарын биздин жаштарга сиңирсе болобу?

- "Кар жилигин казык кылып, канын азык кылып алып" деп ушу эки сап менен кыргыздын баатырын сүрөттөп койгон. Жамандын атасын төөдөн ит кабат деген сөз бар. Ошондой уул атасын кастарлай албайт. "Мыкты уул атасын төргө сүйрөйт, жаман уул атасын көргө сүйрөйт". "Жаманды Кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт" деген сөз бар. "Төшөгүңө карап бутуңду сунсаң болбойбу" дешет. "Эрте күндү кеч кылбай тургула" деп. Ушундай наркыбызды сөзүбүздү кантип унутабыз. Бузулган элге бучуктан молдо деген сөз бар. Бул эми сатира мааниде айтылган сөз, элиң акмак болуп жатса ханың да ошондой деген мааниде.

- Азыркыга дал келеби ошондой сөз?

- Азыркы күндө дал келбейт. Бүгүнкү күндө адам аралык мамиле такыр башка деңгээлде. Жээнтекке союлган козунун мойнун керегеге илип коюшчу, баланын мойну тез катсын дегендей, азыр кичинекей бала эки жумада эле мойну катып калат. Заман өзгөрүп, техника улам өзгөрүп жатат. Европа өлкөлөрүндө тарыхый эстеликтеринин баарын музейлрерине сактап келишет. Тарыхыбызды биле жүрөлү деп аны улуттук баалуулукка айлантып койгон.

- Санап олтурсак биздин деле мактанарлык баалууктарыбыз көп эмеспи...

- Биз дүйнө элин Манасыбыз, музыка, салт, тарыхыбыз менен таң калтыра алабыз. Кыргыз улуту уруу жаратуучу эл болгон. Кыргыз каганаты деп тарыхты казып жазып жатпайбы. Канча кылымдан бери биз келе жатабыз. Башка улутту жарата турган улуттук базаны түзгөн эл болуп жатпайбызбы. Кайсы жерде болсо деле кыргыздын башы чыгып турат. Орто кылымдагы кыргыздын тарыхы тууралуу кытай, араб булактары алып чыгып жатат.

Илимдүү-билимдүүлөрдү шаардагы кишилер угат. Айылга барып мен эмнени айтышым кере? Философиянын концепциясын Кант, Фейербах ушинтип айткан экен, Путин жолугуушусунда ушинтип айткан экен деп элдин башын айлантайынбы. Баягы эле адатымды, Манасымды, боз үйүмдү айтам. Ата-бабаларыбыз урпактарга калтырып кеткен ыркын, мамилесин айта берип жайылтуу керек миң кишиден бир киши эсине түйүп алса дагы чоң утуш.

Мамлекеттик катчы мына ушулардын тегерегинен чыга албай койду деп сын коюшуптур, биз келечекти ойлошубуз керек, цифравизацияны, жаңы технологияларды айтсын дешиптир. Туура, аны да айтыш керек, мен аларды байланыштырып дагы айтып жүрөм. Бирок ким экенибизди унутпайлы. Алгыр куш, сулуу кыз, күлүк атыбыз бар экенин унутпашыбыз керек.

Биз ошонубуз менен азыркы дуйнөдө көрктүүбүз, азыркы дүйнөдөн бөлүнүп турабыз. Мына кимдин Манасы бар? Эми "Манас" эпосу биздин маданияттын, тарыхтын түгөнгүс казынасы. Алтайлык, кытайлык кыргыздар "Манас" айтат баары тең Тайторуну чабат мааниси бир сөздөрү башка.

Бири-бирин көрбөгөн кыргыздар Манас айтып келе жатат. Раматылык Балбай Алагушев искусствовед окумуштуу агайыбыз өкүнүп айтып калчу эле. "Калган 100гө жакын аспаптар каяка кетти. Төшөктүн түрлөрүн айтышат, ар бири эмнеге пайдаланган. Жер төшөк, жан төшөк, кереге төшөк, дөң төшөк, көрпө төшөк, курама төшөк" деп. Ар бир төшөктүн өзүнүн мааниси болгон.

"Керегең кең болсун эл келет, уугуң узун болсун жер кирет, түндугүң бийик болсун нур кирет, үйүң ичи кутка толсун, чамгырагың түшпөсүн боз үйүң бийиктеп түндүгүң асмандап турсун" деп кыргыздар алкап турган. Каалоо-тилекти дагы жашап отурган боз үйгө байлап олтурат. Бул эмне деген маданият, эмне деген сөздөр чыгып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости