www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда сезондук мезгилге байланыштуу жүк ташуу агымынын күчөгөндүгүнөн улам Кыргызстандан чыгуу багытындагы «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалууда.
«25-майга карата «Ак-Тилек-автожол» пунктунун алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн 150гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми Казакстандан Кыргызстанга кирүү багытында унаалардын топтолушу катталган жок», — деп айтылат маалыматта.