www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, парламенттик угууга мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандар катышты.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоору экономикалык жактан негизделген бааларды камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн калкынын кызыкчылыктарын коргоо жана жашоо сапатын жогорулатуу, ишканалардын экономикалык туруктуулугу менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында сөз сүйлөгөн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков сунушталган мыйзам долбоорунун кайра иштелип чыккан редакциясында бизнес-коомчулуктун бир катар сунуштары эске алынганын белгилеп: «Бирок дагы деле кошумча иштеп чыгууну талап кылган бир катар ченемдер бар. Учурда жеке сектор ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын эске алуу зарыл. Андыктан, мыйзам долбоорун кабыл алууга азырынча эрте», – деген Аскар Сыдыков ишкерлердин катышуусунда жөнгө салуучу таасирин талдоону кайрадан жүргүзүүнү сунуштады.

Муну менен катар баяндамачы «рентабелдүүлүк» түшүнүгүн киргизүүгө байланышкан маселелерге токтолуп, аны так эсептөө мүмкүн эместигин жүйө келтирди. Ошону менен бирге рынок экономикасынын шартында баа түзүүнү административдик ыкмалар аркылуу жөнгө салуу максатка ылайыксыз экенин айтып, мындай механизмдер коррупциялык тобокелдиктерди жаратып, көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Андан соң Жеке менчик мектептери ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева жеке билим берүү тармагынын мамлекетке кошкон салымы тууралуу баяндама жасап, жеке мектептердеги окуу акысынын баа түзүүсүнө таасир эткен факторлорго токтолду. Алсак, баяндамачы алдыңкы эл аралык билим берүү программаларын киргизүү олуттуу чыгымдарды талап кыларын белгилеп, Монополияга каршы кызмат тарабынан бааларды жөнгө салуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Атап айтканда, мындай шартта айрым мектептер жабылып, мамлекеттик мектептерге болгон жүктөм көбөйүшү ыктымал экенин айтты.

Ал эми коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев көптөгөн жарандар, анын ичинен мекенине кайтып келген мигранттар эмгектенген чакан жана орто бизнести колдоо керек деген пикирин билдирип, бардык чечимдер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кабыл алынышы керектигин белгиледи. Буга экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзам долбоорунда билим берүү кызматтарынын баасын жөнгө салуу каралбаганын түшүндүрдү.

Өз кезегинде депутат Махабат Мавлянова мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселесин ортого салса, эл өкүлү Уланбек Жаанбаев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруу механизмдерине кызыгып, социалдык мааниге ээ товарлардын жана кызматтардын бааларын жөнгө салуу керектиги тууралуу сөз кылды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев мыйзам долбоорунда негизги ченемдер гана каралганын, ал эми баасы жөнгө салынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталарын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Жылдыз Эгенбердиева мыйзам долбоорун колдоп, анын ченемдерин тактоо менен катар социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесин жыл сайын кайра карап чыгуу механизмин киргизүүнү, мыйзам кабыл алынган учурда анын натыйжалуулугу боюнча маалыматтарды коомчулукка жарыялоону жана монополияга каршы чараларга мониторинг жүргүзүүнү табыштады. Эл өкүлү Айсаракан Абдибаева ишкерлерди колдоо менен катар кызмат керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу керектигине көңүл бурду.

Последние новости