www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз болуп жаткан Айдана Таирбек кызы табылды

Ош шаарынын Ош көчөсүнөн 13-март күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Айдана Таирбек кызы Чүй облусунун аймагынан 10-апрелде табылды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтуусунда кыздын ден соолугу жакшы. Кыз үйүнөн өз эрки менен чыгып кеткенин, жакшы көргөн адамы менен баш кошуп жашап жаткандыгын айткан.

Маалыматка ылайык, кыз ички Иштер министрлигинин жана Ош ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын биргелешип издөө аракетинин натыйжасында табылды.

24 жаштагы Айдана Таирбек кызынын бир тууган агасы 17-мартта милицияга кайрылган. Кыздын туугандары Айдана Бишкекте сексуалдык кулчулукта кабылышы ыктымал деп кабатыр болгонун айрым маалымат каражаттарына билдиришкен.

5-апрелде Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди. Айзадага чейин ала качуунун айынан Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болгон.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкекте жана Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 12 кызматкер иштен алынып, дагы 32 кызматкер түрдүү кызматтык жаза алышканы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости