www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" - деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости