www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-апрелде биз добуш бере турган референдум жана жергиликтүү шайлоолор өткөн жылдын октябрь айында парламенттик шайлоодо массалык добуш сатып алуулар жана административдик ресурстар себеп болгон Кыргызстандагы кырдаалды стабилдештирүү, саясий кризистен чыгуу жолундагы маанилүү кадам болушу керек. Январь айында жаңы бийлик биринчи кадамды жасады - башкаруу формасы боюнча референдум өткөрдү. Анда калктын 80% президенттик башкарууну тандап, азыркы мамлекет башчыны массалык түрдө колдошту. 1,4 миллион шайлоочунун 1,1 миллиону Садыр Жапаровго добушун берди.

Бүгүн Кыргызстан, өткөн жылы мурунку олигархиялык бийликке каршы чыккан элдин каалоосун чагылдырган жаңы Конституцияга добуш берет. Үчүнчү жана акыркы кадам катары жаңы Баш мыйзамга ылайык парламенттик шайлоо өтүшү керек. Эксперттердин айтымында, бул өлкөнүн эл аралык аренада таанылышын калыбына келтирүүгө жардам берет. Россия, Казакстан жана Өзбекстандын жетекчилиги менен болгон жолугушуулар, өлкөгө инвестицияларды кайтаруу жана экономикалык, чек ара кызматташтыгынын жаңы багыттары тандалган багытка берилгендиктин биринчи белгиси болду. 

Бирок ушул айлардын ичинде республикада нааразычылык кыймылы жигердүү иштеп, бийликтин мыйзамдуу нукка түшүүгө болгон ар бир кадамын сынга алып, псевдо-эксперттер жана Бейөкмөт уюмдардын жалган укук коргоочулары маалыматты бурмалап, коомдук пикирди бузуп жатышат. 

Шайлоого катышкан кыргызстандыктардын 80% Баш мыйзамдын  өзгөрүшүн колдоп берген. Бирок оппозиция бийликке каршы иштеген медиа платформалардын жардамы менен аны  активдүү сынга алууда. Ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн келишкени Конституциянын долбоору дүйнөдө  таанылгандыгын тастыктап турганын мойнуна алгылары келбейт. Гранттардын эсебинен жашап, өздөрүн жарандык коом деп атагандар өлкөнүн кызыкчылыгын коргоону унутуп коюшкан. Джон Хопкинстин институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын  82% каржылоо булагы жеке адамдардын кайрымдуулук жана гранттык каражаттарынан турат, алардын 65% чет элдиктер.

Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясынын изилдөөсүнө ылайык, бардык коммерциялык эмес уюмдардын жарымынан көбүнүн жылдык жүгүртүүсү 5 миң АКШ долларына жетпейт. Коммерциялык эмес уюмдардын 18 пайызынын жылдык каржылоосу 5 миңден 20 миң АКШ долларына чейин; дагы 10 пайызы - 20дан 50 миң долларга чейин.

Ар бир онунчу бейөкмөт уюм жыл сайын 50 000 АКШ долларынан ашык акча алат. 2014-жылы өлкөдө бейөкмөт уюмдардын саны 12 миңден ашкан. Бүгүнкү күндө алардын канчасы жигердүү иштеп жатканы белгисиз. Көптөгөн митингдердин, билдирүүлөрдүн, тренингдердин, баракчалардын жана башкалардын өлкө үчүн канчалык пайдалуу экени белгисиз.

Ички иштер министрлиги кандай реформаланганын кечээки эле кызды уурдап кеткен окуяга укук коргоочулардын  ыкчам реакция бере албаганы тастыктап койду. Аны баарыбыз көрдүк. Сот тутумун гумандаштыруу дагы кошумча. Ала качууга каршы көптөн бери атайын гранттар бөлүнүп келет. Андыктан болгон окуяга бир гана мамлекеттин өзүн күнөөлөө туура эмес. Ушул эле кырдаал мамлекеттик жана социалдык өнүгүүнүн көптөгөн тармактарында орун алган.

Бүгүнкү күндө бул бейөкмөт уюмдардын армиясы интернет булактары жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен толукталды. Алар дагы ушундай эле гранттардын эсебинен жашашат. Жеке менчик болуп, ээлери олигархтар жана чиновниктер. Тилекке каршы, калктын көпчүлүгү парламенттик жоопкерчиликсиздиктен тажап, президенттик башкаруу формасын колдоп жаткандыгына карабастан, референдумдун жыйынтыгы боюнча туруксуздукту алып келүүгө активдүү даярдыктар башталды.

Колдоонун сырткы көрүнүшүн түзүү үчүн, ММКлар жазылуучуларын жигердүү көбөйтүүдө. Медиа рыноктун эксперттеринин айтымында, аудиториянын эки эсе көбөйүшү жарнамалык кампанияларсыз мүмкүн эмес. Көз карандысыз аналитикалык кызматтар көрсөткөндөй, аларда эч кандай жарнама өнөктүктөрү болгон эмес. Инстаграммды алып көрөлүк. Telegram NEXTтин абоненттери 3 миңге секирик жасаса, Апрель ТВ - 2 миңге, KLOOP - 3 миңге жасады. Telegram NEXT абоненттердин санын 575тен 3139 адамга, KLOOP - 1995тен 5513 адамга көбөйттү.

Изображение выглядит как текст

Автоматически созданное описание

https://t.me/kloopnew

 

Изображение выглядит как текст

Автоматически созданное описание
 

 

Изображение выглядит как текст

Автоматически созданное описание

 

 

 

https://www.youtube.com/c/AprilTVkg/about

Бул Кыргызстан коомдук пикирди бурмалоодон дагы эле кутула албайт дегенди түшүндүрөт. Жаман жагы булар референдумга каршы чыккандар деп жалган көрсөтүлгөн коолдочулардын саны менен эл былтыр октябрда кутулуу үчүн чыккан парламентаризмдин кийинки курулушу үчүн деп миңдеген долларларды алууга мүмкүнчүлүк алышат. 

Тилекке каршы, мамлекет кайрадан эле ошол эски жолго түшөт. Анткени бейөкмөт уюмдар кайсы бийликке болбосун, кандай чечим чыгарбасын, анын мамлекетке пайдасы тийер, тийбесине, Кыргызстандын эли эмнени каалай тургандыгына карабай каршы митингге чыгышат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 


 

 

 

Последние новости