www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

10-апрелде 17 099 жаран шайлоо участкаларынан сырткары добуш берген. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди.

Жалпысынан 19 298 арыз тапшырылган.

Шайлоо тилкелеринен сырткаркы жерде добуш берүүчүлөрдүн тизмесине ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу участкага келе албаган, ошондой эле ооруканада жаткан, камакка алынган, убактылуу алыскы райондордо жашаган шайлоочулар киргизилген.

Бул тизмедегилердин дээрлик 17 099у добуш берди. Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 3 миллион 318 миң 130 киши киргизилген, ал эми референдум боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесине 3 миллион 606 миң 201 жаран катталган.

Саат 08:00дө өлкө аймагында 2435 шайлоо участкаларында добуш берүү башталган. 2273 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарына да, референдумга да добуш берүү жүрүп жатат.

Өлкөдөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктай элек төрт шаар жана 32 айыл аймактарындагы 162 шайлоо тилкелеринде референдумга гана добуш берүү жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости