www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун дарегине жалпы 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, 106 кайрылуулардын ичинен:

- шайлоо процессинин катышуучуларынын укугун бузу боюнча 1 факт;
- шайлоо укугуна тоскоолдук жасоо боюнча 1;
- добуш сатып алуу боюнча 32;
- администрациялык ресурсту колдонуу боюнча 23;
- шайлоочуларды коркутуу боюнча 3;
- талапкер жөнүндө алдын ала жалган маалымат таратуу боюнча 1;
- үгүн иштеринин шартын бузуу боюнча 12;
- документти жасалмалоо боюнча 2;
- шайлоо компаниясында каржы таптибин бузуу боюнча 3;
- төлөмдөрдөгү бузуулар боюнча 2;
- талапкер тарабынан алдын ала туура эмес маалымат таратуу боюнча 1;
- бейбаштык боюнча 1;
- аймактык шайлоо комиссиясынын ишине 21 даттануу;
- калган 3 факт.

«Кайрылуулардын 50сү шайлоочулардан, 9у ЖМКдан, 25и саясий партиядан, төртөө коомдук фонддон, алтоо жергиликтүү шайлоо комиссияларынан келген. Аймак боюнча айтканда Бишкектен 50, Чүйдөн 21, Ош шаарынан 11, Ош облусунан 14, Жалал-Абад шаарынан 1, Жалал-Абад облусунан 6, Нарын облусунан 1, Баткен облусунан 1 кайрылуу түшкөн. Өз убагында мыйзамдын негизинде тиешелүү чаралар көрүлдү», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости