www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда Кыргызстандын 19 жаштагы жараны бычактан жаракат алды. Орусиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, окуя 9-апрелде парктардын биринде болгон.

Жабырлануучу ошол күнү достору менен паркта жүргөн. Аларга 6 адам (жаш жигиттер) жолугуп, алардын ортосунда уруш чыккан. Жабырлануучуга бычак сайылгандан кийин окуянын катышуучулары ал жерден качып кетишкен.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү эртеси кармалып, Өзбекстандын 25 жаштагы жараны экени такталды. Ден-соолукка оор жаракат келтирүү беренеси менен иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости