www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунда катуу жаандан улам жүргөн селдин кесепетинен эки адамды жана эки автоунааны ылай басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел сууларына кошулган баткак түрүндөгү ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын каптаган. Натыйжада бир "Mercedes Sprinter", бир "Ford Mondeo" үлгүсүндөгү автоунаа жана эки эркек киши сел алдында калган.

Учурда кырдаал Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев менен Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тарабынан көзөмөлгө алынган.

Куткаруу жана издөө иштерине жалпысынан 291 адам жана 20 инженердик техника тартылган. Алардын катарында ӨКМдин 149 куткаруучусу, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын 80 өкүлү, ИИМдин 50 кызматкери жана тез жардам кызматынын 12 кызматкери бар.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 5-июнь күнү саат 23:35те 2008-жылы туулган У.Т. аттуу жарандын сөөгү табылган. Ал эми сел алдында калган экинчи адамды издөө иштери уланууда.

Ошондой эле селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу ачылган.

Учурда жолду жана аймакты сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин маалымдады.

Последние новости