www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июнда расмий маалымат таратып, Ысык-Көлдө селдин айынан жер көчкү басып калган экинчи адамды издөө иштери уланып жатканын билдирди.
Расмий кабарда айтылгандай, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулуп баткак түрүндөгү ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана 1 Мерседес Спринтер, 1 Форд Мондео унааларын, андагы эки эркек кишини басып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жеринде абалды көзөмөлгө алышууда. Куткаруу ишине жалпы 291 адам, 20 инженердик техника тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркектин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери уланууда.